Токмокто 16 жаштагы кыз зордукталып, бейтааныш аял тарабынан сабалган делген маалымат боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери боюнча кылмышка шектүү (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жабыркаган тараптын милиция кызматкерлери ишти карабай жатат дегени чындыкка дал келбей турганын билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 20-майында милицияга 1969-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, анын жашы жете элек кызы 11-майда бейтааныш жигит тарабынан зордукталып, 18-майда белгисиз аял тарабынан сабалганын билдирген. Аталган факты РИИБге каттоого алынган. Кыз өзү сурак берген. Ал сурак учурунда жигит менен 2020-жылдын май айынан бери тааныш экенин айткан. 11-майда жигит башка өлкөдөн келе жатканын айтып, кызды аэропорттон тосуп алуусун суранган. Ал келген соң, Чүй облусундагы мейманканалардын бирине чогуу отуруп, ичип келүүнү сунуштаган. Ал кыздын абалынан пайдаланып, зордуктап, кийин кызды калтырып, кетип калганын айткан. Кыз ошол күнү досторун мейманканага чакырып, алып кетишкенин, бирок окуя тууралуу эч кимге ооз ачпаганын билдирген.
Кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган жаран кармалып, сурак берген. Ал кызды зордуктабаганын айткан. Ошондой эле кызды сабоого шектелгендер аныкталып, сурак беришкен. Ур-токмокко алууга шектелип, 1993-жылы туулган кыз кармалып, камакка алынган.
«Учурда кыздын зордукталышы боюнча бардык иш-аракеттер көрүлүп жатат. Кармалган жигит уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон эмес. Буга юридикалык баа тергөө бүткөндөн кийин берилет. Кылмыш иш Чүй облустук милициясынын башчысынын көзөмөлүндө»,- деп айтылат маалыматта.