Дүйшөмбү, 09.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Чүйдө авто мектептердин директорлорунан турган кылмыштуу топ аныкталып, уюштуруучулардын үчөө кармалды

13:59 06.02.2026
0
Чүйдө авто мектептердин директорлорунан турган кылмыштуу топ аныкталып, уюштуруучулардын үчөө кармалды

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин окуудан өткөндүгү жана авто мектептерди аяктагандыгы тууралуу жасалма күбөлүктөрдү даярдоо менен алектенген туруктуу кылмыштуу топ аныкталды.

Такталгандай, уюшкан топтун курамына бир катар жеке авто мектептердин директорлору — Б.Т. («Ж.А.» авто мектеби) жана М.А. («Ж.Ж.А.» авто мектеби) кирген. Алар ортомчу И.Т. аркылуу, ошондой эле башка адамдардын жардамы менен Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн жарандардан «МБанк» электрондук капчыгы аркылуу 40 000 сомдон 120 000 сомго чейинки өлчөмдө мыйзамсыз акча каражаттарын алышкан. Мында окуучулардын иш жүзүндө катышуусу болбостон, аларга айдоочуларды даярдоо программасы боюнча окуудан өткөндүгү тууралуу жасалма документтер таризделген.

Акча каражаттары алынгандан кийин кылмышкерлер жарандарды мамлекеттик порталга формалдуу түрдө каттап, жол кыймылынын эрежелерин теориялык окуусун жана практикалык айдоону өтпөстөн эле авто мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү беришкен. Бул алардын айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыруусуна жол ачкан. Натыйжада, ортомчулардын бирөөсү аркылуу гана авто мектептерге 244 окуучу мыйзамсыз кабыл алынып, алардан 2 760 850 сом өлчөмүндө акча каражаты алынганы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыштуу иштин уюштуруучулары — И.Т., М.А. жана Б.Т. — Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 200 айдоочулук курстарды каттоо журналы, 160 авто мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүк, 264 башка документ, 8 электрондук маалымат ташуучу каражат, ошондой эле 40 огу менен бир аңчылык мылтык алынды. Алынган буюмдардын баары кылмыш иши боюнча далил буюмдар катары таанылды. Мындан тышкары, ар кайсы чет өлкөлөрдөн алып келинген транспорт каражаттарын каттоо тууралуу жасалма күбөлүктөрдү жана чет өлкөлүк транзиттик мамлекеттик номер белгилерин даярдоо каналы да аныкталды.

Тергөө иштери улантылууда.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Токмокто Даниэль Ажиев кармалганы милиция тарабынан ырасталды

Токмокто Даниэль Ажиев кармалганы милиция тарабынан ырасталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:46 07.03.2026
0

6-март күнү саат 12:20 чамасында Чүй облусунун ИИББдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарынын айланма автожолунда жаран Даниэль...

«Муравей» мотороллеринин айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, ал комага түштү

«Муравей» мотороллеринин айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп, ал комага түштү

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:42 07.03.2026
0

2-март күнү саат 20:40 чамасында Асаналиев көчөсүндө «Муравей» мотороллеринин айдоочусу 1986-жылы туулган М.М.С. аттуу жаран 1978-жылы туулган О.М. аттуу жөө...

Бишкекте алдамчылыкка шектелген туристтик компаниянын директору кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген туристтик компаниянын директору кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:05 07.03.2026
0

2-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына О.Н. аттуу жаран жазуу түрүндө арыз менен кайрылып, «MIRELLE &...

25 миллион сом… Уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

25 миллион сом… Уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:06 04.03.2026
0

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн масштабдуу ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 15 адамдан турган туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) ишмердүүлүгү токтотулду. Аталган жактар...

iPhone 17 Pro Max уурдалган… Бишкекте чөнтөкчү кармалды

iPhone 17 Pro Max уурдалган… Бишкекте чөнтөкчү кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:22 25.02.2026
0

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБна А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 30-январда саат 18:00 чамасында Чүй проспектиси менен...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү