Чүйдүн Москва районунун Садовое айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Д.М.Т., Миң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы А.А.К. жана прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери У.Р.М. менен биргеликте жеке турак жай салууга арналган жер тилкелерин сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштургандыгы аныкталды.
Шектүүлөр жер тилкелерине муктаж болгон жарандардын кезекке туруу тизмелерин өзгөртүү, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдоруна өз алдынча оңдоолорду киргизүү жана тиешелүү адистердин кол мөөрлөрүн жасалмалоо сыяктуу иштерди жасаган. Мындан тышкары, аталган топ — мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коркутуу жолдору менен, алардын аттарына жер тилкелерин фиктивдүү негизде каттоо боюнча кылмыштуу иштери аныкталган. 31-январда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336 «Коррупция», 379 «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча козголгон кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө.