Чүйдүн Панфилов районунда каракчылыкка шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-январда милицияга жаран кайрылып, 8-январга караган түнү Кайыңды айылында жайгашкан үйүнө кирип, аны уруп, телефонун тартып кеткендерге чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2005, 2006, 2007 жана 2006-жылы туулган жигиттер кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.