Эки өспүрүмдү пневматикалык курал менен жарадар кылган жаран кармалды
17-ноябрда Чүй райондук ооруканасынан милицияга эки өспүрүмдүн пневматикалык мылтыктан атылган октон жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Маалыматка ылайык, 2013-жылы туулган Т.Р. жана 2015-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүмдөр жаракат алышкан. Аталган факты Чүй РИИБге катталып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 2002-жылы туулган Т. У. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ал өз ыктыяры менен 4,5 мм калибрдеги «Hatsan AirTact» үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Алдын ала маалымат боюнча, аталган жаран 17-ноябрда саат 18:30 чамасында пневматикалык мылтык менен көчөгө чыгып, жолдон өтүп бара жаткан адамдарды аткандыгын мойнуна алган.
Шектүү Чүй РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.