Манас шаарында жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча «Үгүт жүрүш» өттү
Манас шаарында жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакыруу максатында «Үгүт жүрүш» иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө кырсыкка кабылган унаалар эвакуаторлорго жүктөлүп, аларды тез жардам, өрт өчүрүү кызматы жана кызматтык автоунаалар коштоп жүрдү. Унааларга жол эрежелерин сактоого чакырган эскертүүчү лозунгдар илинди.
Жүрүш шаардын борбордук көчөлөрү, базар жана эл көп топтолгон жерлер аркылуу өтүп, жарандарга жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, жол эрежелерин бузуу, ылдамдыкты ашыруу жана унаа башкарып баратып телефон колдонуу сыяктуу кырсыктарга алып келген факторлор тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү. Театр өкүлдөрү жол кырсыктарынын кесепеттерин чагылдырган сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартуулашты.
Иш-чаранын соңунда жол коопсуздугуна салым кошкон жана уюштурууга көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылык каттары тапшырылды.