Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун карындашы алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары күч органдарына таянып, жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун маркум бир тууганын агасынын кызы. Ал 25-мартта алдамчылыкка шектелип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Себеби февраль айында жарандардын бири Жээнбековдун карындашы Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова)
2019-жылдын август айында андан 20 миң доллар жана 450 миң сом карызга алып, андан кийин дайынсыз жоголуп кеткенин айтып, укук коргоо органдарына чара көрүүнү сурап, арыз менен кайрылган.
Учурда бул иш «Алдамчылык» беренеси боюнча катталып, Гүлзат Кантөрөева (Ташкулова) убактылуу кармоочу жайга камалган. Бирок сотко чейинки процесстин алкагында шектүү арыз ээсине акчасын кайтарып бергендиктен, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүгө карата үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.









