Финполициянын мурдагы төрагасы Бакир Таиров УКМКнын тергөө абагына киргизилди жана ал 2021-жылдын 2-февралына чейин камакта болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, чечим 11-декабрда кабыл алынгандыгы белгилүү болду. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын экс-төрагасы Бакир Таиров 10-декабрда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, 2020-жылдын октябрь айында мурдагы чиновник саясий партиялардын бирин каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик органдардын жетекчилеринин бирин ага акча которууга мажбур кылган.