Бул факты боюнча 16-августта Сокулук райондук ИИБге А.Р. аттуу социалдык тармактын колдонуучусу арыз менен кайрылган. Анда видеодогу жаран мас абалында, эч себепсиз арыз ээсинин денесине залал келтиргендигин, ошондой эле оозго алгыс сөздөрдү колдонуп, өзүн Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкери катары тааныштыргандыгын билдирген.
Милиция кызматкерлери тарабынан 1975-жылы туулган Т.А. аттуу видеодогу жарандын өздүгү аныкталып, юридикалык баа берүү үчүн Сокулук райондук ИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Видеодо көрсөтүлгөн жаран ички иштер органдарына тиешеси жок. Текшерүүдө аныкталгандай, чыр-чатакка катышкандардын арасында Ички иштер министрлигинин өкүлү болгон эмес.











