Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталган жаран Испаниядан экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал жабырлануучуларга 60 миллион сомго жакын зыян келтирген. Кыргыз жараны Испаниядан кармалып, экстрадициялоо иштери ийгиликтүү аяктады.
«Аталган экстрадиция Испаниянын укук коргоо органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык кызматташуунун натыйжасында ишке ашырылды»,- деп айтылат маалыматта.