Санкт-Петербургда 16 жаштагы кыргызстандык өрт өчүрүү учурунда күйүк алды. Бул тууралуу «Оперативное прикрытие» жазып чыкты.
Маалыматка караганда, окуя 5-июлда «Дачное» бакчасында болгон. Өспүрүм бакчада оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан. Тосмону ширетүү учурунда пенопласттан өрт чыккан, ал өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатып, адашып эриткич куюлган идишти алып, отко чачкан. От идиши менен кошо өспүрүмдү күйгүзгөн.
Аны ооруканага алып кетишкен. Денесинин 10 пайызы ошондой эле дем алуучу органдары күйгөн. Оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Журналисттердин маалыматтарына караганда, ал ата-энеси, эки бир тууган агасы менен жашайт.