Кадамжайдагы чоң жол кырсыкта 7 киши көз жумду

Кадамжайда катталган жол кырсыкта 14 киши жаракат алып, 7 киши көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыкта 14 киши ар кандай жаракат алып, 5 адам жеринде көз жумган. Ал эми 2 адам ооруканага жетпей жан берген.

Жол кырсык бүгүн саат 16:00 чамасында “Чечме” өткөрүү постунда катталган. Анда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, унааларды сүзгөн. Милициянын маалыматы боюнча унаанын тормозу кармабай калган.