СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Кадамжай районундагы Совет айыл аймагынын тургуну кайрылып, кечээ, 26-июлда сел жүргөнүн билдирип, видео менен бөлүшкөн.
Маалыматка караганда, селдин күчү унаа агызгандай болгон. «Электр мамыларын кулатып, зымдар үзүлдү. Сайдагы бак-дарактын баары жууп кетти. 1-2 унааны агызды»,- деген ал.
ӨКМден маалыматты тастыкташты. «26-июль күнү саат 19:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Совет айыл аймагындагы тоо этектеринен сел жүрүп, унааларын агызып кеткен. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жок. Ошондой эле, Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы Кожокорум, Шум айылдарына баруучу 2 чакырым жана жайлоого баруучу 15 чакырым ички чарбалык жолдорун каптап, электр мамычалары жабыркаган.
26-июль күнү Кадамжай районунда жүргөн селдин кесепеттерин кошумча тактоо максатында Кадамжай райондук №76 ӨКБдан 2 куткаруучу, №107 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет»,— дешти.