Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Каракол шаардык мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталган.
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин Кыргыз жаранына жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган.
Мында Каракол шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын иш-аракеттери аукцион өткөрүү жана башка жер участогуна алмаштыруу иштери, мэрдин кызмат ордун ээлеген жаран тарабынан жүргүзүлгөн.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча шектүү Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.