Буга чейин социалдык тармактарда Караколдогу лыжа базасындагы асма жолдон секирген жарандардын видеосу тараган. Маалыматтарга караганда, видео 5-августта тартылган. Окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБден маалымат беришти.
«Видео боюнча жерине барып териштирүүдө, Каракол лыжа базасында элди тоонун эң бийик жерине чейин аркан жол менен чыгарып, кайра ылдый түшүрүп кызмат көрсөтүлүп жаткан. Бириккен Араб Эмиратынын жарандары — 1972-жылы туулган эркек киши 1979-жылы туулган жубайы жана 6 жашар уулу менен тоонун 3040 метр бийик жеринде эс алып жатышкан. Анда лыжа базанын кызматкери аркан жолдун ар бир кабинкасына эс алуучуларды отургузуп, ылдыйды көздөй жөнөтүп кызмат көрсөтүп жаткан. Эркек киши аялы жана уулу менен бирге кабинкага отуруп, 2 метр жылгандан кийин, алардын уулу коркконунан жерге секирип жиберген. Ошол учурда ата-энеси уулун кармайбыз деп артынан түшкөнгө аракет кылышкан. Атасы баланы бир колу менен кармап, кабинканын коргоочу темирин кармап асылып калган. Кызматкер аркан жолду токтотуучу баскычты басканда, асылып турган кабина ары-бери чайкалып кыймылдаган. Дал ошол учурда баласын кармап турган эркек киши жерге секирип түшүп, анын артынан аялы түшкөн. Ошол жерден Каракол лыжа базасынын администратору унаа менен окуя болгон жерге барып, биринчи тез жардам көрсөткөн. Натыйжада эс алуучулар дене жаракатын алышкан эмес. Болгон окуяны ошол жерде бирге эс алып жүргөн белгисиз жаран телефонго видеого тартып, интернетке жарыялап койгондугу такталган.
Аталган чет элдик жарандар Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө көрүнүп кетишкен. Оорукананын дарыгери Кадырова аларды кабыл алып, тоодон жыгылып түшкөндөрүн билдиришкенин, кароодо тизелери сыйрылганын, башка дене жаракатын албагандарын айткан. Бул факты Ак-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катоого алынды. Учурда чет элдик жарандар Кыргызстанга кайсы фирма аркылуу келгендиги жана качан кайра кете тургандыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — дешти.