Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалышты.
1-мартта УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, анда Кемин райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн кызмат адамдары И.Г.Ч. аттуу жарандан жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерди алуусу үчүн 130 миң сом акча каражатын опузалап талап кылышкандыгы аныкталды. Аталган иштин алкагында, Кемин райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн кызматтык кабинетинде 70 миң сом пара алып жаткан жеринен бөлүм башчысы А.Т.З. , А.Г.З. жана К.Ш.Т., ошондой эле Кемин райондук архитектурасынын башчысы С.Т.Э. кармалды.