Экс-депутат Равшан Жээнбеков ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Ал “массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча шектелүүдө. «Комитеттин мүчөлөрү массалык башаламандык уюштурууну көздөшкөн эмес, болгону аталган маселенин айланысында биригели деп чечишкен. Алар коомдук жайда, ачык эле чогулушушкан. Себеби Конституциянын 36-беренесине ылайык ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу. Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган биринчи оппозициялык саясатчы», — деп жазылат жактоочунун билдирүүсүндө.
Бүгүн, 23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитетинин бир катар мүчөлөрүнүн үйүнө милиция кызматкерлери тинтүү менен келишип, айрымдары милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Анын катарында аталган комитеттин мүчөсү Равшан Жээнбеков да бар болчу.