Эрмек Аттокуров аттуу жаран ушул жылдын март айында үйүнө белгисиз адам кирип, ага кол салганын, ал аны милицияга кармап бергенин айтат. Бирок июнь айында анын катышуусу жок эле тергөө иштери жүргөнүн, анын колу жасалма түрдө протоколго коюлганын, кийин соттук отурумдан да кабарсыз калганын билдирди. Биз бул окуянын чоо-жайын билип көрдүк.
«Окуя 11-мартта болгон. Март айынын башынан тартып, менин короомо белгисиз бирөө таштанды таштап кете берген. Эң өкүнүчтүүсү короомдон презервативдерди таба баштадым. Кошуналардан сураштырып, ким экенин билип, таштандыны эшигинин алдына таштап кетем. Ал марттын 6 же 7си болгон. 11-мартта үйдө отургам, белгисиз бирөө келди. Ал менин кошунам экен. Ал аял экөөбүз сүйлөшүп, чечишип алдык. Бирок эми таштанды менин үйүмдүн короосунун ичине ташталды. Анан мен аны алып барып, короосуна ыргытып жибердим. Артымдан келип, кол сала баштады. Аял киши тыткылады, сокту. Үйгө кире калдым. Кийин кечинде үйгө келдим, унааны токтоттум. Менин атымды айтып, чакырып, мага бирөө кол салды. Мени ар кайсы сөздөр менен коркута баштады. Мен качтым. Гаражга барып такалдым. Аны тааныбайм. Кошуна, милицияны чакырып, өткөрүп бердим. Ошол жерде ал өз ара чечишели деди. Мен макул деп, «эч кимге доом жок» деп жазып берди. 2-3 күндөн кийин милиция чакырып, арыз түштү деди. Мен да арыз жаздым. Бирок менин арызымды тергөөчү алып, ишти жаап отуруп алган», — деди ал.
Кошунасы да окуя боюнча маалымат берди. «Мага уят сөздөрдү айтып келди. Ал мени телефонго тартып, айылдын группасына салганда, нерв болдум. Кечинде күйөөм келди, ызаландым. Айттым. Ал сүйлөшкөнү кеткен. Барса унаадан түшүп жаткан экен. Ал «аялымдын неге колдорун көгөрттүң» десе, ал көтөрүп чаап, сабаптыр», — деди кошунасы.