«Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын директору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – Кыргызлото) жетекчиси тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Тергөөнүн жүрүшүндө, Кыргызлотонун жетекчиси жеке кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз баюу жана материалдык пайда алуу максатында потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүүдө акча каражаттарын опузалап талап кылуу үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталган.
Тактап айтканда, аталган жаран өлкөнүн лотереялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана акча салууга ниеттенген инвесторлордон 10 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Мындан тышкары, ал кошумча талаптарды коюу менен жасалма тоскоолдуктарды жаратып, ар бир лотерея билетин сатуудан “откат” талап кылган. 3-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында ал 10 миң доллардын бир бөлүгүн пара катары алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.