Кыргызстандык кызды жандандыруу бөлүмүнө түшкөнгө чейин сабаган деп айыпталган Түркиянын жараны Мустафа Йылдыз 30 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу түркиялык Milliyet порталы жазды.
Шектүү кыргызстандык кызды сойкулукка мажбурлап, капчыгын жана уюлдук телефонун тартып алгандан кийин сабап, жолдун жээгине таштап салган деп айыпталууда. Ал «адам өлтүрүүгө аракет кылган» деген айып менен камакка алынган. Сот отурумду 10-майга жылдырды. «Кыз 2016-жылдын 15-ноябрында Кыргызстандан Анталияга досу аркылуу официант болуп иштегени келген. Жыйынтыгында ал ооруканага түшүп, жети операция: мээсине үч жолу жана төрт жолу пластикалык операция жасалган», — деп жазат түркиялык басылмалар.
2016-жылы Түркиянын социалдык тармактарындагы топтордун биринде Анталиядан азиат түспөлүндөгү кыз табылганы тууралуу билдирүү жарыяланган. Анын жанында эч кандай документтери болгон эмес. Кыздын абалы өтө оор экени айтылган. Операция жасалган. Ал комага түшкөн. Кызды сабап салышкан. Кийинчерээк кыздын аты-жөнү такталып, анын 1994-жылы туулган кыргызстандык кыз экени аныкталган.