"Мадина" базарындагы өрт: Өзгөчө кырдаалдар министри координациялоо иштерин жүргүзүүдө
Алдын ала маалымат боюнча, «Мадина» базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 10 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев координациялоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары, өрт катталган аймактагы жабык контейнерлерди ачуу иштерин жүргүзүүгө «Куткаруу кызматынан» кызматкерлер тартылган. Ошондой эле жеринде «Тазалык» ишканасынан 3 суу ташуучу унаа жана тез жардам кызматынан 3 бригада иш алып барууда.