Базар-Коргон милициясы изи сууй электе адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
20-август күнү саат 08:25 чамасында Базар-Коргон РИИБге 21 жаштагы район тургуну кайрылып, үйүнүн алдындагы тапчанда 34 жаштагы тууганынын жансыз денеси жаткандыгын билдирген. Аталган факты боюнча Базар-Коргон РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып, жансыз дене материалга оролгон абалда жаткандыгы аныкталган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш иши изи сууй электе ачылып, шектүү катары Базар-Коргон шаарынын тургуну 1974-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө адам өлтүрүү фактысы спирт ичимдигин ичүүдөн улам келип чыккандыгы белгилүү болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.