«Мегакомдун» мурдагы директору Акылбек Жамангулов үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум кечээ, 20-июнда Октябрь райондук сотунда каралып, үй камагына чыккан.
Акылбек Жамангулов 12-мартта кармалган. Ал ири алдамчылыкка шектелип, камакка алынган болчу.