Буга чейин социалдык тармакта кыздын дагы бир кызды жерге жатып калгыча сабап, жерге жатып калган соң да бир нече жолу тепкилеген видео тараган. Милиция бул окуя ушул жылдын 7-май күнү Жалал-Абад шаарында болгонун билдиришкен. Видеодогу эки кыздын курбу экени да маалым болгон. 5-июлда соцтармак колдонуучулары тепки жеген кыздын каза болгонун жазып чыгышты.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жалал-Абад ОИИБ менен байланышканда, кыздын каза болгондугу тууралуу маалымат жалган экени маалым болгон. Бүгүн, 7-июлда милиция кыздын видеосун таратты.