ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи Май күзөт бөлүмүнүн батальонунун милиционери, милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков Мэриянын муниципалдык мүлктөр башкармалыгы боюнча департаментинин имаратын кайтаруу учурунда Чокморов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эки жолу жарылуу болгонун уккан. Батирде өрт чыгып жатканын көрүп, тез арада подъездге кирип, электр щитти өчүргөн. Андан соң өрт чыккан батирден жардамга чакырган үндү уккан. Катуу жабылып калган эшикти жанында турган жарандын жардамы менен ачып кирип, өз өмүрүн тобокелге салып бетин сууланган сүлгү менен жаап, түтүнгө толгон батирден 4-5 жаштардагы кызды алып чыккан. Ошондой эле кыздын апасын өрттөнүп жаткан үйдөн чыгарууга жетишкен. Андан соң ӨКМнын кызматкерлери келгиче жанындагы жаран менен биргеликте өрттүн басымдуу бөлүгүн өчүрүшкөн.
Кыздын кашын, чачын алып кыйнашкан. Кылмышка шектүүлөр кармалды
Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына Ош облусунун 1988-жылы туулган М.К.аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2026-жылдын 8-январдан 9-январга караган түнү 23:30...








