Буга чейин соцтармактарда видео тараган. Видеодо жеткинчектин жол тескөөчүлөрдүн унаасынын үстүнө чыкканы тартылган болчу. Окуя боюнча ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы маалымат берип, Ноокаттагы эки өспүрүмдүн иши сотко өткөнүн билдиришти.
Маалыматка караганда, унаа Ош ОИИБге таандык. Унаа Ноокаттагы «Апсатар Ажы» кафесинин алдында токтоп турган. Видеодогу өспүрүмдөрдүн аты-жөнү такталып, алардын Ноокат районунун 16 жана 17 жаштагы тургундары экени аныкталган. Аталган факты Ноокат РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон, иш сотко жөнөтүлдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram