Бейшемби, 19.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

«Добуш үчүн миң сом». Ошто шайлоочуларды сатып алууга шектүүлөр кармалды (сүрөт)

11:38 25.11.2021
0
«Добуш үчүн миң сом». Ошто шайлоочуларды сатып алууга шектүүлөр кармалды (сүрөт)

Ош шаарында шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, үгүт иштерине байланыштуу шайлоого катышып жаткан айрым партиялардын өкүлдөрү же расмий эмес өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын материалдык баалуулуктарды берүү же болбосо таратуу же сатып алуу жөнүндө ыкчам маалымат аныкталган. Бул окуя боюнча тийиштүү материалдар Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочунун добушун сатып алуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 24-ноябрда Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан талапкерлерди шайлоо боюнча «Ыйман Нуру» саясий партиясына добуш берүүсү үчүн ар бир шайлоочуну сатып алуу максатында акча каражаттары таратылгандыгы аныкталган.

«Ош шаарынын Автозоводская көчөсүнүн 39 жаштагы тургуну, “Ыйман Нуру” саясий партиясынын үгүттөөчүсүмүн деп өзүн тааныштырган жаран тергөө аракеттеринин жүрүшүндө аталган окуя боюнча суралды. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясында келишимдин негизинде үгүттөөчү болуп иштеп жаткандыгын жана 22-ноябда Алмагүл аттуу штаб башчысынан шайлоочуларды сатып алуу максатында 40 миң сом алгандыгын жана 24-ноябрда аталган акча каражаттарды Ош шаарынын Латипжанов көчөсүндө жашаган шайлоочуларга таркатып берип жаткан жеринде милиция кызматкерлери тарабынан кармалып калгандыгын тастыктап берген. Ошондой эле далил зат катарында жаран башкарып жүргөн Матиз үлгүсүндөгү унаасына кароо жүргүзүлүп, натыйжада унаанын ичинен 20 даана 500 сомдук купюра, 1 даана 50 сомдук жана 1 даана 20 сомдук купюрадагы акча каражаттары, 4 даана “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык үгүт баракчалары далил зат катарында алынган. Тергөөгө сурак берген жаран аталган акча каражаттарын шайлоочуларды сатып алуу максатында алгандыгын көрсөтүп жана айтып берген. Ал жаран менен бирге өздөрүн “Ыйман Нуру” саясий партиясынын үгүттөөчүлөрү деп тааныштырышкан дагы эки жаран кармалып, тергөөгө жеткирилген. Алар өз көрсөтмөсүндө Алмагүл аттуу штаб башчысынан үгүттөөчү катары айлык маянасы үчүн 10 миң сом жана шайлоочунун добушун сатып алуу максатында акча каражаттарын алгандыгын, ал акча каражаттарын Латипжанов көчөсүнүн тургунуна шайлоочуга добуш берүү үчүн беришкендигин билдиришкен. Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында кармалган жарандар жашаган батирлерине жана Туран кичи шаарчасынын Автозоводская көчөсүндө орун алган “Ыйман Нуру” саясий партиясына таандык болгон штабына тинтүү жүргүзүлүп ар түркүн багыттагы баракчалар, дептерлер жана акча каражаттары алынган», — деп айтылат маалыматта.

Ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясынын штабынын жетекчиси аталган Алмагүл аттуу жарандын аты-жөнү аныкталып, анын 49 жашта экендиги такталган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө “Ыйман Нуру” саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин үгүт иштерине жардам берип, штаб ачып ошол жерде жүргөндүгүн, ар бир шайлоочунун добушуна 1000 сомдон деп акча каражаттары ортомчу жарандар аркылуу жогоруда кармалган эки жаранга берилгендигин билдирген. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

1 / 6
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ошто кумар оюну катары акчага короз уруштургандардын аракетине бөгөт коюлду

Ошто кумар оюну катары акчага короз уруштургандардын аракетине бөгөт коюлду

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:53 16.02.2026
0

Ош облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан “Бандит” аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара учурунда Кара-Суу районунун аймагында ортого акча коюп, кумар оюну катары короз...

Аалы Карашев менен Курсан Асанов кармалды

Аалы Карашев менен Курсан Асанов кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:02 12.02.2026
0

Буга чейин 9-февралда интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тараган маалыматтарга байланыштуу башаламандыкты уюштурууга шектелген бир нече жарандар аныкталып кармалган....

ИИМ: Массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген жарандар кармалды

ИИМ: Массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген жарандар кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:20 11.02.2026
0

9-февралда интернет булактарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына “Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек...

Бишкекте iPhone 17 Pro Max телефонун уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте iPhone 17 Pro Max телефонун уурдоого шектелген жаран кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:56 09.02.2026
0

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын тургуну А.А. арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, 30-январда саат 18:00...

Чүйдө авто мектептердин директорлорунан турган кылмыштуу топ аныкталып, уюштуруучулардын үчөө кармалды

Чүйдө авто мектептердин директорлорунан турган кылмыштуу топ аныкталып, уюштуруучулардын үчөө кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:59 06.02.2026
0

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин окуудан өткөндүгү жана авто...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Сулаймановдун ордуна парламентке Абдуллаев келди

Сулаймановдун ордуна парламентке Абдуллаев келди

11:36 18.02.2026
Төрага Маматалиев: «Ар бир депутатка бирден планшет берилет»

Төрага Маматалиев: "Ар бир депутатка бирден планшет берилет"

11:33 18.02.2026
Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы 24-январда өтөрүн билдирди

Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы 24-январда өтөрүн билдирди

10:16 18.02.2026
Муфтият орозонун календарын таратты

Муфтият орозонун календарын таратты

16:36 18.02.2026
Сулаймановдун ордуна парламентке Абдуллаев келди

Сулаймановдун ордуна парламентке Абдуллаев келди

11:36 18.02.2026
Төрага Маматалиев: «Ар бир депутатка бирден планшет берилет»

Төрага Маматалиев: "Ар бир депутатка бирден планшет берилет"

11:33 18.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү