«Кечээ, 28-июнда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Жер жайлоосунун Кичи-Каманды тилкесине 1972-жылы туулган жаран мал издеп кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал адамдын аты үйүнө келип, өзү табылбай жаткандыгы тууралуу маалыматты кошунасы билдирген. Мындан улам жерине 5 куткаруучу издөө иштерине чыгып кетишкен. Бүгүн, 29-июнда буга кошумча саат 11:00дө 5 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 5 адам тартылган. Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат маалыматта.
Бишкектеги №61 мектептин директору үй камагына чыгарылды
УКМК тарабынан кармалган Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский үй камагына чыкты. Бул тууралуу журналисттерге анын жактоочусу билдирди....