Москвада кран кулап түшүп, анын кесепетинен Кыргызстандын 1999-жылы туулган жараны каза болгон. Буга чейин анын 28 жашта экени айтылып жаткан болчу. Элчилик Москва шаарынын Мамлекеттик эмгек инспекциясына жарандын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын тактоо үчүн кайрылуу жолдогон. Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн мекенге кайтаруу маселесин иштеп чыгууда.
Мурдагы тышкы иштер министринин иши боюнча жаңы фактылар аныкталды
Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин кошумча эпизоддору аныкталды. Буга чейин кызматтык абалынан...













