Дүйшөмбү, 09.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Мугалим сабаган кыздын апасы: «Кызымды умывальникке сүздүргөн. Азыр ооруканада»

12:25 26.05.2022
11
«Баланы урганга эч кимдин укугу жок». Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузактагы окуучунун сабалышы боюнча үн катты

Кечээ, 25-май күнү социалдык тармактарга тараган мугалимдин окуучуну бетке-башка чапкылаган видеосу коомчулукта чуу жаратты. Окуучу кыздын апасы Шаиргүл Хусанова окуя кандай болгонун жана кызынын учурдагы абалын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине айтып берди.

— Окуучулардын айтымына караганда, кызымды урган мугалим кыздарына дайым болушат экен. Менин 5-, 7-класста окуган кыздарым бар. Буга чейин 5-класстагы окуган кызымды ошол мугалимдин кызы бөлүп, кошпой жатканын уккам. Кошунам «Экөөбүздүн кызыбызды Мээрим деген мугалимдин кызы бөлөт экен. Мектебине барып, айтып келбейлиби» дегенинен, мугалимдин кызы болсо, кыздар айтса, тыйылып калар дегем.

Хадичанын классында окуган кызы да «мугалимдин кызымын» деп өзүн көп көрсөтүп коёт экен. 23-май күнү 7-класстагы кызым менен анын кызы уруша кеткен. Мугалим кызына болушуп, бардык окуучуларды, кызымды өзүнчө «сволочь» деп тилдептир. Менин кызым «оозуңузга карап сүйлөңүз» десе, «менин кызыма теңеле албайсыңар, силер кимсиңер» деп басынтыптыр. Менин кызым айтышып кеткенин кийин айтты.

Ошол күнү кызым мугалим менен урушканын мага айткан эмес. Үйдө төшөктө жаткан адам бар, мен ошону карап, кызыма маани деле берген эмесмин. Кошунам келип «кызыңыз жакшы элеби?» деп сурап калды. Кайсы кызым десем, «Хадичаны мектепте эжекеси уруптур го» деп айтты. Анан кызымды чакырып, эмне болду деп карасам, бир кулагында сөйкөсү жок, жаагы кызарып калыптыр. Сөйкөң кайда десем, көрсө, мугалими умывальникке сүздүргөндө сынып калыптыр. Аны угуп эле класс жетекчисине чалдым. Ал урган мугалими менен байланышам деди. Бир аздан кийин урган мугалими үйгө келип, «башка кыздар жеткирип коюшту эле, мен эмоцияга алдырып койдум. Хадичаны бир шапалак кылып чаап койдум ээ, Хадича?» деп кечирим сурап кеткен.

Ошону менен токтоп эле калганбыз. Андан соң вотсап аркылуу коомчулукка тараган кызымды урган видео келди. Аны көрүп дароо директоруна бардым. Директор «улуу башымды кичүү кылып кечирим сурайм» дегенинен кечирдим деп, милиция кызматкерлери келишкенде да чуркагым келбей доом жок деп арыз жаздым. Арызды жазып машина менен келатсак, кызым өңү бозала болуп, эки жолу кусуп жиберди. «Өзүмдү жаман сезип жатам» деп карышып (судороги) баштады. Түз эле Октябрь аймактык ооруканага бардык. Ал жактан «мээси чайкалган болушу мүмкүн» деп ооруканага жаткырышты. Мен негизи ооруканага жаткыргым келген эмес. Себеби атайлап жаткырып алды деген сөз болбосун дегем. Ооруканадан Сузак РИИБиге маалымат беришкен экен, түнү саат 2де келип кайра арыз жаздырышты. Кызым азыр ооруканада.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Чүйдө авто мектептердин директорлорунан турган кылмыштуу топ аныкталып, уюштуруучулардын үчөө кармалды

Чүйдө авто мектептердин директорлорунан турган кылмыштуу топ аныкталып, уюштуруучулардын үчөө кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:59 06.02.2026
0

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин окуудан өткөндүгү жана авто...

Бишкекте «BMW X5» унаасынан 8 миң сом уурдалган. Шектүү кармалды (видео)

Бишкекте «BMW X5» унаасынан 8 миң сом уурдалган. Шектүү кармалды (видео)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:16 05.02.2026
0

31-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБна Ж.А. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү...

Сокулукта көлмөгө чөгүп каза болгон 3 бала тууралуу милиция маалымат таратты

Сокулукта көлмөгө чөгүп каза болгон 3 бала тууралуу милиция маалымат таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:38 03.02.2026
0

Кечээ, 2-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө караштуу Майская айылында жайгашкан каналга үч жашы жете элек бала...

Байчечекей чокусуна бара жатып жардан кулаган чет өлкөлүк ооруканага жеткирилди

Байчечекей чокусуна бара жатып жардан кулаган чет өлкөлүк ооруканага жеткирилди

Автор Эдита Ильясова
09:44 02.02.2026
0

ӨКМдин “Эдельвейс” куткаруу кошуунунун 5 куткаруучусу украиналык туристти Рацека альпинисттик лагеринен аман-эсен түшүрүп, Бишкек шаардык №4 ооруканасына жеткиришти. Бул тууралуу...

«Таманыңа ийне сайып, майып кылам». Бишкекте акча талап кылган шектүү кармалды

«Таманыңа ийне сайып, майып кылам». Бишкекте акча талап кылган шектүү кармалды

Автор Эдита Ильясова
09:33 02.02.2026
0

19-январда Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар ар кандай жолдор менен коркутуп, анын...

Комментарийлер 11

  1. Damira says:
    4 года ago

    Мынчалык катуу урганы укугу жок жооп бериш керек

    Ответить
  2. altynaymashaeva@gmail.com says:
    4 года ago

    Бул жерде нейтралдуу карасак мугалимдики дагы окуучу кыздыкы дагы туура эмес. Ар Бир жарандын укугу бар. Акыркы жылдарда негизи мугалим окуучудан коркуп калды. Урушпаш керек урбаш керек.,. Оз оюна коюш керек деп атып. Ата- энелер балдарына аябай эле болушуп,мугалимдерге урмат,сый жоголду. Мугалимдин да сабап жатып калышы туура эмес. Кыздын тартиби жонундо чогулуш кылып,ата- энесине кызынын жоруктарын айтып ьаштаса туура болмок.

    Ответить
    • Жумагул says:
      4 года ago

      Мектепте бирок мугалимдин кыздары кыйын сынып жонокой кара пайым уйбулодон чыккан кыздарды паска чаап журушот.андайларды коруп эле атабыз го.мугалим озунун кызына болушуп ушунча уруп салыптыр.оз жазасын алсын мугалим

      Ответить
  3. Гүлүм says:
    4 года ago

    Окуучулар тараптан атайын уюштурулган болушу мүмкүн.камераны жандырып,бир окуучуну чыгарып… Азыр мугалимди сыйлашпайт. Мугалим болуп окуучуларга сабак өтүү кыйын болуп калды. Тел кармайт. Бир нерсе болсо интернетке таратат.
    Мугалимдер дагы азыр мурдагыдай күчтүү эмес. Эптеп диплом алып, барып эптеп бир эки саат окутуп айлык алат. Мугалимдер баары эмес албетте

    Ответить
  4. Aigerim says:
    4 года ago

    Ушул кантип болсун мугалим деп эле кол көтөрө берсе болобу ал кызды деле жеткизип салган турбайбы
    Сабап атсада эштеке кылбай туруп берди кайра мугалимге кол көтөрбөй кай дагы тарбиясы жок деп атасыңар тарбиясы болгон үчүн жон эле туруп берди
    Барынан кыйынсынар бул жакта кыз га ата энесине асылып силердин балдарыңарга ушундай кылса жөн тура албайт болчусуңар турабы эгер менин балама ушундай кылганын көрсөм мен барып бетин тытмакмын мен баламды мектепке билим алсын деп жиберем да тайак жесин деп эмес
    Мугалим өз жазасын тартсын мектептен кетсин

    Ответить
  5. Гулнур says:
    4 года ago

    Кандай болгондо да,кызды урганы акысы жок

    Ответить
  6. Малика says:
    4 года ago

    Жоопко тартылсын! Соттун чечими менен Кандай болгон чакта да кызга кол которуп кемсинтип урганы акысы жок!!!

    Ответить
  7. Айка says:
    4 года ago

    Апасы кызы менен иши жок эле экени корунуп турат . Судороги бергенче ситуациянын канчалык оор экенин деле тушунбоптур. Апасы ээ чыкпаган кызды сабагандай корунду. Окуучу Кыз кандай болсо да мынчалык укукту тебелоо туура эмес

    Ответить
  8. Эльмира says:
    4 года ago

    Мугалим туура эмес кылды, соттолсун.

    Ответить
  9. Ddd says:
    4 года ago

    Барибир мугалим болуп туруп маданиятты билбейт, менин кызым деп кызына болушкан болбойт да, алдап бирдей мамиле кылыш керек балдарга.Мугалимдики туура эмес, озунун сыйын кетирбей, кыздар советине же башка мугалимге бул проблеманы айтыш керек, же озу акыл айтып кызына да ал кызга да , баарына акыл айтып, созду токтоткула деп сабак ото бериш керек болчу, «сволоч» деп айтышпай.

    Ответить
  10. Назира says:
    4 года ago

    А эмне учун мугалими сволочь деп согуп жатса окучуу унчукпай туруш керек?! В любом случае никто не имеет права поднимать руку на ребёнка!

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү