Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды
Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары тарабынан «Байтик» метеостанциясынын аймагында кызматтык-тиричилик багытындагы имараттын мыйзамсыз курулганы аныкталды.
Бул объект долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү иш кагаздары жок, Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасына кирген аймакта, дарыядан беш метр аралыкта курулганы такталган. Мындай укукка каршы аракеттердин кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, аталган кылмышты жасоого шектүү катары мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Б.А. кармалып, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.