Abank_nov
SerepTV Logo

Алайда жубайын муунтуп өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Алайда жубайын муунтуп өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
 
21-ноябрда саат 12:00 чамасында Алай РИИБге денесинен алган жаракаттарынан улам каза болгон жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ош ОИИБдин жана Алай РИИБдин жетекчилери, ошондой эле ыкчам-тергөө топтору чыгышкан.

Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 21-ноябрга караган түнү Алай районунун аймагында 1989-жылы туулган М.Б. аттуу жаран үйүндө мас абалында жубайы, 1990-жылы туулган К.А. менен пикир келишпестиктен улам уруша кеткен. Натыйжада аялын муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын күбөлөрү суралып, ар тараптуу тергөө амалдары улантылууда. Жубайлар буга чейин өз ара пикир келишпестиктер боюнча ички иштер органдарына кайрылышкан эмес.
SEREP MEDIA