Нарын ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында төмөнкү фактылар аныкталган:
— К.у.Б. тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмышты жасаган деп айыпталып, тергелип жаткан кылмыш ишине катышып жаткан Кыргыз жаранынан 180 миң сом алган.
— бул кылмышты жасоого тиешеси жок жарандын банктык эсебинен 181 миң 409 сом мыйзамсыз түрдө алынган;
— сот органдарынын чечимдерин кыйгап өтүп, жабырлануучулар М.у.У., Т.М.Т.,Т.к.Ж., (ар бири 120 миң сомдон) акча каражаттарын (жалпы суммасы 361 миң 409 сом) келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары бөлүштүрүүдө мыйзамсыз аракеттерге жол берилген;
— тараптарды элдештирүүнүн жасалма протоколун түзүү жолу менен жазык ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарылган.
Кармалган жаран Ат-Башы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.