22-июлда Нарында жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 23:40 чамасында болгон. Бишкек — Нарын — Баетов түнкү каттамындагы жүргүнчү ташыган Сетра үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу Ак-Талаа районунун Баетов айылынан Бишкек шаарына чыккан. Долон ашуусунан түшүп бара жатканда автобустун тормозу кармабай калып, алдында бара жаткан Лексус ЕС үлгүсүндөгү жеңил унаанын арткы оң бурчун сүзүп өтүп, андан болжол менен 1 чакырым аралыкка чейин барган. Автобусту токтотуу максатында жолдун сол тарабындагы ээн жерге буруп, түз эмес жерден автобустун алдынкы тетиктери жана дөңгөлөктөрү жараксыз абалга келип, автобус сүрүлүп барып токтогон.
Жол кырсыгынын кесепетинен автобус ичинде бир адам каза болуп, арасынан жаракат алган адамдар бар. Бул факты Кочкор РИИБдин кылмыштарды жана жоруктарды каттого китебине катталып тергөө иштери жүрүп жатат.