Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 7-июль күнү саат 22:48 чамасында милицияга Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүнө адамдар келип, курал менен аткылап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган билдирүү Нарын РИИБге катталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын тургуну үйүнө Хутор-Ак-Талаа айылынын 30-40тай ошол эле айылдын тургундары чогулуп келишип, үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен койгулап талкалап, дарбазасынын сыртында токтоп турган Субару-Аутбек үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жатышкан учурда, үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. Анын кесепетинен аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Жаракат алып ооруканага түшкөн үчөөнүн абалы оор болгондуктан, медициналык жардам көрсөтүү максатында операция жасалды, ал эми калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.
Уруш жер талаштан чыгып, өз ара урушуп кетишкен. Ушул окуядан кийин эки тарап болушуп, бири-бирин күнөөлөп арыз жазышып башташкан. Кечээ, 7-июль күнү айылдын эли көбүнчө жаштар ок чыгарган жарандын үй-бүлөсүнө нааразы болуп сүйлөшүү үчүн барышканда уруш чыгып кетип, аягы ок атышуу менен аяктаган.
Азыр аталган окуяга тиешеси бар шектүү адамдарды аныктоо жана окуянын келип чыгуу себебин тактоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми жогорудагы катталган материал боюнча алынган заттарга тиешелүү экспертизалар жана жабыркаган адамдардын денесинен алган жаракаттарын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, Нарын облустук милициясы аталган айылда коомдук тартипти сактоо багытында иш-чараларды жүргүзүүдө.