Нарын районундагы Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур – Солтон-Сары унаа жолунун 43-чакырымында 9-март күнү кар жаап, бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, унаа жолдо болжол менен 7 оор жүк ташуучу унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине Кочкор райондук ӨКБдан 3 куткаруучу, Солтон-Сары алтын кен комбинатынан 3 жүктөгүч тартылган. Ошол күч-каражаттардын жардамында саат бүгүн, 10-мартта саат 05:30да жол кар күрткүдөн толук тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz (1 спринтер, 1 сапог) үлгүсүндөгү унаалар чыгарылып, өз багыттары менен кетишти.