Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынында жайгашкан медреседе Гулистан айылынын тургуну 2008-жылы туулган М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам, Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну жашы жете элек 2010-жылы туулган Ш.Ф.ны учтуу нерсе менен сайып жиберген. Анын кесепетинен Ш.Ф. алган жаратынан улам, аймактык ооруканасына медициналык жардамга жетпей каза болгон. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Муфтияттын маалымат кызматы менен байланышканда, өспүрүмдү 3 күнгө дем салдырууга алып барышканын тастыкташты. «Учурда ички иликтөө жумушу башталган. 3 күнгө дем салдырууга алып барганы чын», — дешти.
Ошондой эле медресенин уруксат кагаздары бар экенин, ички иликтөөнүн жыйынтыгы менен маалымат берилерин айтышты.