ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан курал уурдоо фактысынын бети ачылды. 2023-жылдын декабрь айында белгисиз адамдар Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургунунун үйүнө башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо максатында киришкен. Кол салгандар үйдөн 15 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын, 1000 доллардан ашык баада турган кол саатын, ошондой эле түрк өндүрүшүндөгү 40 миң сомдон ашык баадагы сайсыз ок атуучу куралды уурдап кетишкен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылып, мүлктү уурдаган кылмышкерлерге чара көрүүнү суранышкан.
Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси “Уурдоо” боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кылмышка шектелген жарандар Чүй облусунун аймагынан кармалган: Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган 1997-жылы туулган А.у.А. жана Сокулук районунун тургуну 1999-жылы туулган М.А.
Кармоо учурунда шектүүлөрдүн жанынан сайсыз ок атуучу курал табылып, ал мурда жасалган уурулукка далил катары алынган. Мындан тышкары, 7,62 калибрдеги 35тен ашык ок-даарысы табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыштуу топ Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда жасалган бир катар уурулуктарга тиешеси бар. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалгандар Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....
14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...