Бишкектеги «Novotel» мейманканасында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Урмат Сариевдин айтымында, өрт тууралуу чакыруу саат 15:43тө түшкөн. 8 мүнөттөн кийин окуя болгон жерге биринчи бөлүм барган.
«Өрт саат 16:12де чектөөгө алынып, саат 16:47де толугу менен өчүрүлдү. Күйүү аянты 50 чарчы метрди түзгөн. Алдын ала себеп катары, электр зымдарынын кыска туташуусу болгон. Жабыркагандар жок, материалдык чыгым такталууда», — деди ал.
Мейманкананын башкы менеджери Род Лефлердин айтымында, өрт имараттын фасадында жайгашкан кабелдин кыска туташуусунан келип чыккан.