Орусиядан Кыргыз мамлекетине аттарды мышыктын документи менен өткөрүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды.
Белгилүү болгондой, Алтай аймагында 35 ат алып келе жаткан КамаАЗ унаасы кармалган. Андагы ветеринардык сертификаттар жасалма болуп чыккан. Тагыраагы бланкта мышыктарды алып келүүгө уруксат алынганы жазылган.
Кыргызстандык жаран жаныбарларды Москва облусунан Кыргыз Республикасына алып келе жаткан. Ал эми документ үй мышыктарын Москва облусунан Беларуска ташуу үчүн берилген.
Мыйзам бузган мекендешибизге айып пул салынган. Ал эми жасалма документ боюнча иш полицияга өткөрүлүп, алынып келе жаткан аттар мамлекеттик ветеринардык кызматтын көзөмөлүнө жиберилген.