Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, аларга карата жасалуучу кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жүргүзүлгөн рейдде 4 чайкана, 10 автожуучу, 16 авто оӊдоочу, 4 май куюучу, 5 коомдук тамактануучу жайлар текшерилди. Көчөдө тилемчилик жасап жүргөн жана оор жумушка тартылган 30 өспүрүм балдардын реабилитациялоо борборуна жеткирилип, алар боюнча тиешелүү маалыматтар социалдык коргоо органдарына жана Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жашы жете электер боюнча комиссиясына кароого жөнөтүлдү. Текшерүү учурунда айрым жайлардан эмгекке тартылган өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарды мыйзамсыз эмгекке тартуу боюнча жоопкерчилик бар экендиги эскертилди.
Бишкекте жасалма айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочу кармалды
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан унааны мас абалында башкарган айдоочу токтотулган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук...











