Кечэ, 29-июнь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынына Ош шаарынын тургуну С.И. атуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн блогер деп тааныштырган Ж.Г. аттуу жаран (аял киши) акча опузалап талап кылып жатканын маалымдаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган Ж.Г. аттуу жаран арыздануучудан 2024-жылдын март айынан тартып, социалдык баракчаларыма сиз жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырамын деп опузалап коркутуп, бир нече жолу акча каражатын алганы, андан сырткары IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-берениси (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө жүргүзүп, Ж.Г. аттуу аял 50 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Кылмышка шектүү болгон Ж.Г. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....
14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...