Бүгүн, 29-июнда интернет булактарында бир эркек кишинин аял айдоочуга карата одоно сөздөрдү айтып, адепке жатпаган, оозго алгыс сөздөр менен тилдеп жаткан учурду камтыган кыскача видеотасма жарыяланып, коомчулукка таркаган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Бул окуя Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, окуянын катышуучуларын аныктоо жана тергөөгө камсыз кылуу боюнча ыкчам иштер аткарылды. Натыйжада, тараптар аныкталып, тергөөгө камсыз болушкан. Видеодо аял кишиге одоно мамиле жасап жаткан айдоочу Ош шаарынын 1998-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө М.Э. окуя болгон учурда унааны мас абалында башкарганы белгилүү болуп, тиешелүү тартипте административдик протокол түзүлүп, автоунаа айып короо жайына токтотулган. Тергөөнүн алгачкы жүрүшүндө 1998-жылы туулган М.Э. өзүнүн мас абалында болгонун жана ошол учурда ачууга алдырып, аял айдоочуга карата одоно сөз айткандарын моюнуна алып, кечирим сураган. Эки айдоочунун ортосундагы келишпестик жол талашуудан келип чыккан.