19-март күнү Ош шаарынын тургуну (аял киши) арыз менен кайрылып, өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында белгисиз адам моюнунан муунтуп, колундагы сумкасын жана уюлдук телефонун тартып алганын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган. Аталган кылмыш иши боюнча кечээ, 6-апрель күнү кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1990-жылы туулган тургуну кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын Ош шаарында ушул жылдын январь айынан бери бир нече жолу катталган аялдарга кол салуу фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.
Ак-Босогодо 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган шектүү кармалып, камакка алынды
24-апрелде Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын «102» кызматына Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз жаран 7 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасагандыгы...












