Ош облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө жасалма документтерди жасагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, алар кезектүүлүк боюнча батир алышкан. Облустун укук коргоо органдарына батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголуп, кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.
Бирок Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген. Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы ОИИБдин Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана анын орун басары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан. Андан кийин Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акча алуу учун документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезектин катарына киргизишкен.
Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде, 25-сентябрда Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, анын орун басары жана кызматкер кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.