Кечээ, 14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөндөгү «Мөл-Булак» эс алуу борборунан 4 жаран агып кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча сел суулары 20 турак үйгө кирип, 7 авто унааны агызып кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан 5 унаа табылып чыгарылып, калган 2 унаа изделүүдө. Ал эми борбордук базардын аймагында жабыркаган турак үй, унаа жана контейнерлердин саны такталууда.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын «Куткаруу кызматынан» 10, Ош шаары боюнча башкармалыгынан 120, РӨКОдон 40, аскер бөлүктөрдөн жалпы 192 аскер кызматкери, ошондой эле ИИМнен 170 кызматкер, Тез жардам кызматынан 2 бригада, Кыргызтемир жолунан 40 кызматкер, Жашылдандыруу кызматынан 1 экскаватор жана шаардык жол башкармалыгынан 1 экскаватор, транспорт кызматынан 3 автобус тартылды.
Натыйжада Төлөйкөн айылындагы Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында жана Борбордук базарында куткаруучулар тарабынан 420 жаран, Озгур айылындагы эс алуучу жайынан 11 жаран эвакуацияланып, коопсуз жерге көчүрүлдү. Ал эми жоголгон 4 жаранды издөө иши жүргүзүлүүдө.
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....
14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...