Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды.
Анын бөгөт чарасы бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралды. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды.
Активист 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.