Президенттин жакын туугандарынын атын жамынып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, баюу максатында ишкерлердин жана чет элдик инвесторлордун ишенимине кирип, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга Кыргызстандын президентинин жакын туугандары тарабынан максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүгө убада берген жаран аныкталган. Бул үчүн ал колдоочу делгендерге өткөрүп берүү үчүн 10 миңден 20 миң АКШ долларына чейин акча талап кылган.
Ошол эле учурда ал ар кандай шылтоолор менен же формалдуу негиздер боюнча жеке бизнес-долбоорлордун атын жамынып, бир нече жолугушууларды андан ары ишке ашырбастан уюштурган. Белгилей кетүүчү нерсе, демилгеленген инвестициялык долбоорлор жеке адамдардын эмес, мамлекеттин компетенциясына кирет.
Иш жүзүндө ал алган акчалардын баарын жеке муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн сактап, ал эми инвесторлорго мамлекетке зыян келтирүү менен алардын кызыкчылыктарын андан ары лоббирлөөгө кепилдик берилген.
18-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү кезектеги жолугушууну уюштуруу үчүн 7 миң АКШ доллары өлчөмүндө акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган.
This is a modal window.