Жума, 17.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Селекцияда кескиленген келин. Депутатка милициядан жооп беришти

14:45 21.09.2023
0
Селекцияда кескиленген келин. Депутатка милициядан жооп беришти

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова жыйында Селекцияда кескиленген келиндин окуясын көтөргөн. «Кечээ каргашалуу бир окуя болду. Селекцияда эркек киши жубайынын бетин, кулагын кесип жатпайбы. Милицияга бир нече жолу кайрылса, кайдыгер болгону социалдык тармакка чыкты. Эмнеге азыр өлкөбүздө сөзсүз түрдө интернетке чыгып же резонанс болгондо эле көзөмөлгө алынат. Министрликтин жоопкерчилигин караш керек, мен талап кылам. Сөзсүз түрдө бирөө өлүш керек же бир жаман окуя болгондо гана көзөмөлгө алынышы туура эмес», — деген депутат.

Чүй ОИИБден депутаттын сөздөрүнө комментарий беришти. «Сокулук районунун Селекционное айылында болгон окуяга милициянын реакциясы өз убагында болуп, оор боло турчу кесепеттерге жол бербеди. Кенен маалымат бере турган болсок, окуя боюнча маалымат жабырлануучунун кошунасынан саат 07:00дө түшкөн, жабырлануучунун батиринде шектүү ызы-чуу салып жатканын билдирген.

Сокулук РИИБдин эки милиция кызматкери саат 07:15 те окуя болгон жерге барып, жеринде батирдин ичи кан болуп жатканын көрүшүп, куралдуу каршылык көрсөткөн шектүүнү кармашкан. Андан соң милиция кызматкерлери Күн-Туу айылдык милиция бөлүмүнө алып барышып, Тез жардам кызматына кабарлашкан. Шектүүнү айылдык бөлүмгө жеткирип, кайра окуя болгон жабырлануучунун батирине келишкен. Ал жерден Тез жардам келе электигин билип, өзүлөрүнүн кызматтык унаасы менен жабырлануучуну ооруканага алып барышкан. Учурда кылмыш жасаган адам Сокулук РИИБдин тергөө органдары тарабынан кармалып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ошону менен бирге Жогорку Кеңешинин жыйынында бул окуядан тышкары жабырлануучу мурда дагы милицияга кайрылып, реакциясыз калган деген билдирүүгө төмөнкүдөй жооп беребиз. 2022-жылдын сентябрь айында жабырлануучу Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу 31-август күнү Селекция айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Факты боюнча 2022-жылдын 1-сентябрында 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 1984-жылы туулган жаран кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байланыштуу кылмыш иши сотто кыскартылган.

Ошондой эле 2023-жылдын 31-январында келин кайрадан арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу жабырлануучунун үйүндө күч колдонуп дагы зордуктаганын билдирген. Сокулук РИИБдин тергөө кызматында аталган факты боюнча 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле 31-январь күнү шектүү кармалып, айыбы угузулуп, камакка алуу чарасы колдонулуп, Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо Сокулук райондук сотто ага карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган, ал өкүмгө наарызы болгон шектүү Чүй облустук сотко даттанган. Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат», — дешти.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:40 17.04.2026
0

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:24 17.04.2026
0

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:46 17.04.2026
0

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....

Чүй облусунда 5 жаштагы кызды сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кармалды

Чүй облусунда 5 жаштагы кызды сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:42 17.04.2026
0

14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:21 17.04.2026
0

14-апрель күнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдөн студент кыз боюн таштаган. Окуя тууралуу маалымат Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Маматалиев тажикстандык спортчуларды Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

15:08 16.04.2026
Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

10:21 17.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026
Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты

11:16 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү