Сокулукта эжесин өлтүрүүгө шектелген өспүрүм соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
23-августта Сокулук районунун Кашка-Баш айылындагы үйлөрдүн биринин уктоочу бөлмөсүнөн башынан жаракат алган 23 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Милиция кылмышка шектүү катары анын 2008-жылы туулган инисин кармап, камакка алган. Тергөө уланууда.